Назира Айтбекова: Кыргыз эч качан өзү каалаган үчүн эч нерсе жасабайт экен

Назира Айтбекова: Кыргыз эч качан өзү каалаган үчүн эч нерсе жасабайт экен

28-теке, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Мындай пикирин алып баруучу Назира Айтбекова жеке фейсбук баракчасына жазды:

Кыргыздын эң чоң коркунучу — “Биз өлсөк бизди ким көмөт?” , же “Душман көзүнө жакшы узатылышы керек!”

Өлгөндө аркы дүйнөгө жакшы узатылышы ушундай маанилүү! Артында ким өкүрүп , ыйлап калат, алар чын жүрөктөн ыйлайбы? Канча киши келет? Эмне союлат? Тим эле тирүү кезиндеги пафосту өлгөндө да колдонуп кетиш кк да!

Көмгөндө киши көп болсун деп эле кааласа — каалабаса, жакса — жакпаса деле катыш күтө беребиз. Той берип калсак , катышыбыз душман көзүнө көп болсун деп да катыш күтөбүз. Ошол “Душман” ким болсо да рахмат! “Душман көзүнө” деп атып эле кыргыз бутуна туруп, ырыстуу кийинин алат! ? Ал жок болсо, каралмак эмеспиз!

Кыргыз эч качан өзү каалаган үчүн эч нерсе жасабайт экен, көрсө! Өз каалооң болсо, дүйнөдө сен эле болсоң, кандай жашап, кандай өлөт элең?