Назира Айтбекова: «Кеп кайын эне менен эриңде эмес экен, чын чынына келгенде!»

Назира Айтбекова: «Кеп кайын эне менен эриңде эмес экен, чын чынына келгенде!»

08-аяк оона, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Алып баруучу, блогер Назира Айтбекова кайын эне тууралуу күйөрмандары тарабынан келген суроолорго жооп берди. Бул тууралуу ал инстаграм баракчасына жазды.

«Мага эң көп келген суранычтардын бири ,-кайын журт, кайын эне тууралуу жазчы? — дешет. Кайын эненин кандай желмогуз экенин , каардуу кайын энени эмне кылып ордуна олтургузуп, эмне деп үнүн басуу керек ж.б укмуш постторду күтүшөт менден.
Бүгүн сиз күткөн постту жазайын деп чечтим .
Кайын эне ар кандай болот. Акылманы бар, акмагы бар. Баласын чоң турмушка кошкону бар, кое бере элеги бар. Баласына чоң адамдардай мамиле жасаганы бар, жасабаганы бар. Түрдүү кайын эне, түрдүү күйөө бар дегендей.
Кеп кайын эне менен эриңде эмес экен чын чынына келгенде! Кеп өзүңдө! Жамандаардан , даттанаардан мурун өзүңдөн “Мен эмнеге ушундай кайын энеге , ушундай эрге туш болдум?” деп сурап көр. “Мен эмнеге алардын уу тилин укмаксан, төпөшүн көрмөксөн болуп жашап атам?”, “ Мен эмнеге эримдин , кайын журтумдун мамилесин көрүп туруп, жыл сайын төрөй берем?” деңиз. “Мен эмнеге ханышадай жашоону эмес , күңдөй жашоону өзүмө ыраа көрдүм?” деңиз.
Аял киши тандоону өзү жасайт дайым. Сиз эртеңки күнү ханыша болосузбу, күң болосузбу өзүңүз чечесиз. Сизде окууну окуп, билим алып, иштеп, бийиктерге чыгып, жакшы адамды жолуктуруу да мүмкүнчүлүгү болгон.
Тагдырга шылтап, жоопкерчиликти Кудайга оодарып коюп, “Маңдайга жазып койсо эмне кылайын?!” дегенди жактырабыз. Өзүңдүн үстүңөн иште! Көз карашыңды оңдо. Китеп оку. Билим ал. Жумуш тап. Өзгөрүл. Башкадан жакшы мамиле күтөөрдөн мурун, өзүңө жакшы мамиле кыл! Сен өзүңдү күң катары гана көрүп, күңгө жасаган мамилени жасап, күңдүн турмушун ыраа көрсөң, автоматтык түрдө башкалар да ошондой мамиле кылат.
Кайын эне, күйөөңдү эмес , алгач өзүңдү өзгөрт! Болгон алтын эреже ушул!»-деп жазды ал.
Возможно, это изображение (1 человек, сидит, обувь, на открытом воздухе и дерево)