Эл мага добуш берди. Мен жыйынтыкты тааныбайм! Бул туурасында “Азаттык” саясий партиясы менен талапкерлигин койгон Мыктыбек Арстанбек билдирди.

Анын айтымында БШК кетиш керек.

“Эл мага ишенип, мени иштеп бер деп добуш берди. Ал добушумду БШК тоношту десем болот”-дейт Мыктыбек Арстанбек.

Бүгүн, 29-ноябрь саат 14:14кө Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдында шайлоо жыйынтыгын тааныбаган партия өкүлдөрүнүн чогулушуусу болууда.

Эскерте кетсек, буга чейин БШКнын сайтында мүчүлүштүктөр орун алганы маалымдалган. Алдын ала маалыматтар жарыялангандан кийин партиялар чогулткан добуштар 150 пайыздан ашып кеткен. Андан кийин БШКнын серверинде маалымат кабыл алуу бир канча убакытка токтоп калып (сбой), кайра ишке киргенде бардык сандар өзгөрүүгө учураган.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова сервердин бузулушу боюнча комментарий берген. Анын айтымында, алгач сайтка туура эмес программа жүктөлгөн.

Күтүүсүз кырдаал айрым партия өкүлдөрүнүн нааразычылыгын жаратып, добуштар уурдалганын айтып чыгышкан.

Бул боюнча Президент Садыр Жапаров кайрылуу жасап, БШКнын добуштарды бурмалаганы аныкталса, анда бардык кызматкерлери жоопко тартыларын белгиледи.

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо аралаш система менен өттү. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңеште 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Шайлоого 21 партия жана бир мандаттуу округдан 287 талапкер катышты.