Коом

Мусулман аялды ала жипти аттай деген ролиги үчүн жердештеринин кыйноосуна кабылды

Москва шаарында кыргызстандык жарандар мусулмандын аялы ала жипти аттады деген ролиги үчүн блогер жердешин жазалашкан. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Маалыматта, Аббос аттуу блогер бирөөнүн аялынын ала жипти аттап жүргөнү тууралуу ролигин интернетке чыгарганы үчүн Москванын четине алып чыгып бир нече күн ур-токмокко алып, эл алдына чыгып ролик үчүн жаманатты болгон аялдан кечирим сурашын талап кылышкан.  Алар кое бергенден кийин жабырлануучу полиция бөлүмүнө кайрылган.

Ал түз жүргөн Америкада жашаган мусулман Шамшимаманын аялынын күйөөсүнө билдирбей көзүнө чөп салып келгенин ролик кылып айтып чыккан. Социалдык тармактарга ролик чыккандан тартып аны коркутуулар болуп келген. Коркуткандар блогердин дарегин июлдун аягында табышып, ага жолугуп бир пикирге келише турганын билдиришкен. Жолугушууга эки адам унаа менен келип, Москванын сыртына чыгышкан. Ал жерден алар ур –токмокко алып мусулмандын аялын уяткарганы үчун элден кечирим сурашын талап кылышкан.

Көп өтпөй шектүүлөр кармалып, “Адам уурдоо” беренесинин негизинде кылмыш иши ачылды. Аларды  5 жылдан 12 жылга чейин  эркинен ажырап калуу коркунучу бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *