Коом

Мүрзөдөн тирүү көмүлгөн ымыркай табылды

Индиянын Уттар Прадеш штатындагы бир көрүстөндөн, каза болгон кызын көмүүгө барган адам тирүү көмүлгөн ымыркайды таап алды. Бул боюнча Индиянын “Times” басылмасы маалымат таратты.
Коопсуздук кызматынын өкүлү Абхинандан Сингхтин берген билдирүүсүндө, эрте төрөттөн улам көз жумган кызын көрүстөнгө көмгөнү барган адам ымыркайды таап алган. Аталган киши топуракты казып жатып кокусунан эле жердин 90 сантиметрдей тереңдигине көмүлгөн тирүү бөбөктү көргөн.
Сингх, ымыркайды таап алган киши бөбөктүн тирүү экенин көрүп, ага сүт бергенин кошумчалады. Бейтапканага жеткирилген бөбөктүн учурда саламаттыгы жакшы, бул боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат,-деп билдирди Сингх.
Булак: Заман.кж

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *