Министр милициялар катышкан кылмыштар боюнча маалымат берет

Министр милициялар катышкан кылмыштар боюнча маалымат берет

05-бирдин айы, 2019-ж // //

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев бүгүн, 5-февралда акыркы учурларда милиция кызматкерлери катышкан кылмыш иштери боюнча маалымат берет. Министрликтин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев жыйында мындан башка да маселелер караларын билдирди:
— Министр милицияда болуп жаткан жакшы иштер менен акыркы кезде сөз болуп жаткан туура эмес иштер тууралуу баяндама жасайт. Андан тышкары журналисттерди кызыктырган суроолорго министр жана ИИМдин башка бөлүмдөрүнүн жетекчилери да жооп берет.
Январдын акыркы эки жумасында эле милиция кызматкерлери катышкан бир нече кылмыш иши катталды. 24-январда ИИМ менен Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) кызматкерлери чогуу жүргүзгөн иш-чарада Бишкек шаардык милициясынын кызматкери жана милицияда мурда иштеп кеткен эки адам 2500 доллар акча алып жаткан жеринен кармалган.
30-январда Бишкектеги Свердлов РИИБнин 36 жаштагы кызматкери зордуктоого шектүү катары камакка алынып, 31-январда сот аны үй камагына чыгарган. Дагы бир милиция катышкан эки жол кырсыгынан бир бала жана бир аял каза болду.
Президент Сооронбай Жээнбеков 1-февралда ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алып, ИИМдин өздүк курамын таза эмес кызматкерлерден тазалоо керектигин айткан.