Миграция кызматынын өкүлү 2000 доллар пара алып жатып кармалды

Миграция кызматынын өкүлү 2000 доллар пара алып жатып кармалды

11-чын куран, 2017-ж

Кылмышка шектүү чет элдик жарандын виза алуусуна жардам берерин убадалаган.
Мамлекеттик миграция кызматында иштеген жаран эки миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Финансы полициясына арыз түшүп, анда Миграция кызматынын өкүлү чет элдик жаранга виза алуу үчүн тийиштүү документтер топтому менен камсыздоодо берген жардамы үчүн 2000 доллар өлчөмүндө пара сурап жатканы айтылган.
Айыпталуучу акча алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү.
Учурда аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иши уланууда.
Булак: спутник