Маршруткадагы чоң апа баласын урушуп келаткан эжеге 3 кеңеш айтты
17-кулжа, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваМаршрутка. Тыгын. Кетпеген жерден тер кетип баратабыз. Люк ачылганы менен аба кирбейт.
Элдин баары нерв.
Аялдама. Жашы ортолоп калган эле аял, кичинекей кызын жетелеп түштү. Киргенде эле кызын
урушуп жаткан. Барган сайын күчөдү. Толтура эл карап турат. Эч ким оозун ачпады.
Кызы мектебине ыр жаттап барыш керек болчу экен. Жаттабай калыптыр. «Ушу эки сап дагы алдыгы мээңе кирбейби», «кийин сени окутпайм», «сени күйөөгө эле берип салыш керек», «мээң
иштейби», «айт дагы» ж.б.
Чыдабай кеттим. «Эже» дегиче, алдыда отурган кемпир сөзүмдү бөлдү.
«Айылымдан өнүккөн шаарды көрөйүн деп келсем, эмнегедир артка кетип бараткандай. Кызым, жаш балага ушунча тирештиң, айланайын, жашооң жакшы элеби? Урушар кишиң ушу секелек
кызыңда болдубу?
Кызым, кечир, сөзүңөргө аралашып жатам. Бирок, сенде уят барбы? Сен деген энесиң, алдыгы
кызыңдын алдында желмогуз көрүнбө. Карачы, секетиң кетейин, сенден коркуп турат. Корккон
кишини сыйлабайт, билесиңби муну. Кызың дагы чоңоет кызым. Карыганда жалгыз калба.
Келегой кызым, кел мен чоң апаң болом.»
Кичине кызды алдына алды. Көз жашын аарчып, пакетиндеги бир алманы кармата салды.