Мамлекеттик резиденцияда Атамбаевге жаңы үй салынып жатабы?

Мамлекеттик резиденцияда Атамбаевге жаңы үй салынып жатабы?

03-кулжа, 2017-ж // //

Мамлекеттик резиденциянын ичине жаңы хан сарай салынып жатканын айрым маалымат булактары жазып чыгышты. Ал салынып жаткан хан сарай Атамбаев кызматтан кеткенден кийин жашай турган үй болобу деген божомолду Атамбаев сотко берген «Заноза» сайты жазып чыкканы менен, ага далил табышпаганын кошумчалашкан. Азырынча бул маселе боюнча мамрезиденциядан маалымат берүүдөн баш тартышкан. Бирок салынып жаткан хан сарайдын суптник аркылуу тартылган сүрөтү кошо жарыяланган. Анда үйдүн дубалы тургузулганы, болжолду эки кабаттуу болоору, жалпысынан 600­650 квадрат экени жазылган. Демек, бул айрымдар ойлогондой кичинекей курулуш эмес. Белгилүү болгондой ал резиденцияда Усубалиевдин, Масалиевдин Чыңгыз Айтматовдун балдары жашашат. Балким, Атамбаев өзүнө кам көрүп жаткандыр. Преизденттиктен кеткен соң резиденцияда калып жашоого укукгу бар да. Же, ал жакта калгысы келбейби? Муну убакыт көрсөтөөр…
Булак: Чагылган