Мадумаров шайлоого катышуу боюнча сунуштарды карап жатат

Мадумаров шайлоого катышуу боюнча сунуштарды карап жатат

13-кулжа, 2017-ж // //

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров президенттик шайлоого аттануу боюнча сунуштарды карап жатат. Орозо бүтөрү менен чечимин элге жарыяларын «Азаттык» радиосуна билдирип, «талапкер болуу ниетиңиз барбы?» деген суроого «бар болгон үчүн ушундай аракеттер болууда» деп жооп берди:
— Мен карайм, көрөм. Элдин, тарапкерлердин пикирин билишим керек. Шашпай отуруп, чечим кабыл алуу кажет. Ыйык орозо айы бүтсүн. Чечим кабыл алабыз. Буйруса, эки жума убакыт калды.
2016-жылдын ноябрында Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев жана Ахматбек Келдибеков тандем түзүп, президенттикке бир талапкер чыгарышарын жарыялашкан. Быйыл майда Келдибеков Алайда эл менен жолугушкан учурда шайлоого өз алдынча аттанары белгилүү болгон.
Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл күзүндө өтөт. Президенттик кызмат үчүн Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Өмүрбек Бабанов ат салышары буга чейин маалымдалган. (SE)
Булак: Азаттык