МАДАНИЯТ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ ФАРХАД БЕКМАНБЕТОВ КЫЗМАТТАН БОШОТУЛДУ

МАДАНИЯТ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ ФАРХАД БЕКМАНБЕТОВ КЫЗМАТТАН БОШОТУЛДУ

24-бугу, 2017-ж // //

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекманбетов кызматтан бошотулду.
Маалым болгондой, Бекманбетов өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Белгилей кетсек, кечээ, 23-майда өкмөттүн отурумунда маданият,  Фархад Бекманбетовду кызматтан алуу маселеси көтөрүлгөн болчу.
Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Акылбек Осмоналиевдин айтымында, отчёттук мезгил учурунда өкмөт тарабынан 6 жолу музей иштери боюнча документтерди даярдоо тапшырмасы берилген. Бирок тапшырма аткарылган эмес. Ага байланыштуу Осмоналиев министрдин орун басарын ээлеген кызматынан четтетүү маселесин кароо сунушун киргизген.
Эске салсак,  Фархад Бекманбетов   2016-жылдын 16-февралында аталган кызматка дайындалган.
Булак:Каганат