Кытай дагы бир коркунучтуу вирус жөнүндө эскертти

Кытай дагы бир коркунучтуу вирус жөнүндө эскертти

09-баш оона, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

Кытайдын бир нече аймактарында дагы бир коркунучтуу SFTS вирусу жайылып жатат. Бул тууралуу  Супер.кж порталы  билдирди.Маалыматка ылайык коңшу Кытайдын чыгышындагы Цзянсу провинциясындагы 37 адамдан SFTS вирусу аныкталган. Кийинчерээк оору өлкөнүн чыгышындагы Аньхой провинциясындагы 23 адамдан табылган. Вирустан 7 адам каза болгондугу кабарланууда. Дарыгерлер бул вирус негизинен кене чакканда жугарын айтып жатышат. Бирок адамдан адамга кан жана былжыр чел аркылуу жугушу толук мүмкүн экендигин билдиришкен. 2019-жылдын декабрь айында Кытай коркунучтуу делген коронавирус инфекциясы жөнүндө эскерткен. Бул инфекция бүгүнкү күндө дүйнөгө кеңири кулачын жайып, 722 миң 706 адамдын өмүрүн алды.