Саясат

Кыргызстандын Жапондогу элчиси эми Австралияга кетти

Мирлан Арстанбаев Токиодогу резиденциясы менен бир мезгилде Кыргызстандын Австралия, Жаңы Зеландия жана Филиппиндеги элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгону такталды.

Буга чейин Мирлан Арстанбаев Тышкы иштер министринин катчылыгынын башчысы болгон. Ошондой эле ал Тышкы иштер министрлигинин алдындагы «Кыргызздипсервис» дипломатиялык кызматы мамлекеттик ишканасынын башкы директору кызматын ээлеген .

2019-жылдын 6-мартынан тартып — Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *