“Кыргызстан” партиясы Жумгалдын эли менен жолукту
21-аяк оона, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева“Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиева Жумгал районунун айылдарындагытургундар менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө талапкер “Кыргызстан” партиясынын акыркы беш жыл ичинде аткарган иштери жана “Эл үчүн” деген программасы менен кеңири тааныштырды.
“Биздин “Кыргызстан” партиясынын программасында өлкөнү өнүктүрүүнүн конкреттүү багыттары жана жашоо турмушубуздагы көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору камтылган.Программада сөз кылган бардык иш чараларды ишке ашырууга биздин толук потенциалыбыз жана мүмкүнчүлүгүбүз бар. Биз кантип кыска мөөнөттүн ичинде өлкөнү экономикалык кризисттен чыгарып, элдин жашоо деңгээлин жакшыртуунун жолун көрүп турабыз”,- деди Ниязалиева.
Ал ошондой эле “Кыргызстан” партиясынын командасы таза, прогрессивдүү жана жаратман инсандардан куралганын айтып, ийгилик жараткан адамдар парламентке келсе, элдин жүгүн толук көтөрүп кете алаарына ишенерин билдирди.
“Элим, мамлекетим деген патриот адамдар парламентке келсе, Кыргызстанды өнүктүрө алат. Алар элдин кызыкчылыгына туура келген мыйзам жазып, элдин таламын талаша алышат. Ошондуктан, 4-октябрда туура тандоо кылалы туугандар! Мына бүгүн алдыңарга келип, ар кандай убадаларды берип, добушуңарды алгысы келип жаткандарды да көрүп, угуп жатабыз. Бирок, менин мекендештеримкуру убадаларга алданбай, туура тандоо кылат деп ишенем. Анткени, эртең куру убадаларды берген адамдар силердин бир да маселеңерди чечип бербейт. Мына мен “Кыргызстан” партиясы аркылуу парламентке келип калсам, силер менен түздөн-түз иштешип, үнүңөрдү парламентте айтып, силердин таламыңарды талашам. Ага мен даярмын”,- деди талапкер.
Жолугушуунун соңунда айыл тургундары жол, таза суу, бала бакча жана социалдык төлөмдөр боюнча маселелерди көтөрүштү. Ошондой эле айылдын мугалимдери мектепте спорт зал жок болгондуктан кышкысын окуучулар кыйналып жатканын айтышып, спорт зал куруп берүүлөрүн өтүнүштү.
Өз кезегинде Дамира Ниязалиева элдин көйгөйлөрүн түп тамырынан чечүүнүн жолу партиянын программасында так жазылганын дагы бир ирээт белгилеп, “Кыргызстан” партиясына добуш берүүгө чакырды.
Жумгалдын эли“Кыргызстан” партиясынын пландарын жана программасын жактырып, партияны колдой тургандыгын чын ниеттеринен билдиришип, “Кыргызстан” партиясына ак жол каалап, баталарын беришти.
Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 06.08.2020)