Кыялдануунун пайдасы барбы?
21-аяк оона, 2018-ж // //“Кыялдануунун зыяны да, пайдасы да жок” деген кеп бар эмеспи. Чынында эле кыялдануунун пайдасы жокпу? Психологдор бул темада изилдөөлөрдү жүргүзүшүп, эгер туура кыялдана билсе, ар бир адам пайдалуу жыйынтыкка жетерин айтышат.
КЫЯЛ – МАКСАТ
Сизге азыр жана келечекте чындап эмне керек экенин ойлонуңуз. Кыялданып баштаганда майда-чүйдө, кийим-кече, тамак-ашка жетүүнү самабай, чоң нерсени, мисалы, үй, акыркы үлгүдөгү автоунаа же кайсы бир чет өлкөгө саякаттап келүүнү, кирешелүү бизнестин башында турганыңызды кыялданыңыз. Майда-чүйдөгө бат жетесиз, анда кыялдануунун кызыгы кетет. Чоңду кыялдансаңыз, ага жетүү үчүн максат коёсуз, акырындап аракет кыла баштайсыз. Аракеттин биринчиси, ошол кыялыңызды күн сайын ойлонуңуз, башкаларга айтыңыз. Жакшы тилек – жарым ырыс.
КЫЯЛ – ЭНЕРГИЯ
Психологдор белгилегендей, жаман нерсени кыялданган адам дээрлик болбойт. Ал эми жакшы нерсени кыялданып жатканда адамдын нерв системинде, жүрөктө, негизи эле бүт организмде кан жакшы жүгүрүп, “бакыт гормону” болгон эндорфин бөлүнүп чыгат. Көп кыялданган адам жаш болот. Адамдын ички энергиясы толуп, келечекке умтулууга, жакшы жашоого энергия берет.
КЫЯЛ СТРЕССТЕН ЧЫГАРАТ
Маанайы жок, кайсы бир кыйынчылыкка кабылган адамга күнүгө ойлонуп жүргөн кыялы, максаты жардамга келет. Дүйнөдө сиздикинен да оор маселелер көп экенин эске алыңыз. Кыял позитив гана жаратат, андыктан стресс абалында да кыялданууну таштабаңыз. Ал сизди жаркын келечекке жетелейт.
КЫЯЛ – СТИМУЛ
Кандай иш баштабаңыз, оорбу, жеңилби анын жыйынтыгы кандай кубаныч алып келерин кыялданыңыз. Ийгиликке жеткендеги сезимди элестетиңиз. Бул сиздин жасап жаткан жумушуңузду сүйүүгө, андан ырахат алууга жардам берет. Колуңуздан келбей калса кыялдын баарын “чемоданга” салып бекитип койбоңуз. Кыбыраган кыр ашат демекчи, аракеттин артында сөзсүз кыялыңыздагы ийгилик турат.
КЫЯЛ – ФАНТАСТИКА ЭМЕС
Келечегин ойлонгондо, кыялданганда чаржайыт ар кайсынын башын самай бербей, конкреттүү ойлорго токтолуу керек. Бүгүн кыялданганын эртең унутуп калуу жарабайт. Негизгиси кыялды фантастика менен алмаштырып албаңыз. Мисалы, кайсы бир тасмада жактырган актёруңуздун жанындагы каарман болуп калсам же сыйкырчы, супермен болсом деген фантастикалык ойлордон алыс болуңуз. Негизгиси, реалдуулуктан алыстабаңыз.
КЫЯЛ VS ЖАЛКООЛУК
Кыял менен жалкоолукту дос кылбаңыз. Диванда жатып алып “мен кыялкечмин, бир күнү асмандан оозума алма түшөт” деген эрежени босогодон киргизбей алыс кууңуз. Кыял менен максат, эмгек, аракет “шеринелеш” болгондо гана ийгиликке жетесиз.
КЫЯЛДАР ОРУНДАЛАТ!
Жакшы ой – жакшылык чакырарын унутпаңыз. Кыялдарыңызды көзөмөлдөп, башкара билиңиз, ошол учурда гана жетем деген нерсеңизге жетесиз. Биринчи жаралган тоскоолдуктан эле сынып калсаңыз, кыялдарыңыздын орундаларына ишенбесеңиз, жакшысы кыялданбай эле коюңуз. Ал эми туура кыялдана билген адамдарга айтарыбыз, кыялдар орундалат!
БУЛАК:super.kg