Курамында сыра бар дарыяга жергиликтүү тургундар нааразы болушууда

Курамында сыра бар дарыяга жергиликтүү тургундар нааразы болушууда

22-жетинин айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Маалыматта, окуя АКШда катталган. Анда жергиликтүү тургундар аларга жакын аккан дарыядан сыра жыттанып жатканын билдиришкен. «Кээ бир күндөрү биз бул жакка келгенбиз, бул жерде бир нече күндөн бери эшигин ача элек паб бар окшойт», — деп айтышат тургундар. Көп өтпөй жергиликтүү бийлик дарыяны текшерген учурда  суунун курамында 1,2 пайыз спирт бар экенин көрсөттү. Мындан тышкары, суудан сыра жасоого колдонулган канттын 0,4 пайызы табылган.

Көп өтпөй жергиликтүү тургундарга жакын жайгашкан Paradise Beverages пиво заводундагы  түтүк жарылып, ал дагым дарыяга кошула берген. Бул тууралуу : «Азыр бизге Транспорт департаментинин өкүлдөрү келишти, алар менен байланышып жатабыз. Бизге Саламаттыкты сактоо департаменти да кайрылды ”, — деп Paradise Beverages компаниясынын өндүрүш менеджери Энтони Роу билдирген.

Paradise Beverages сыра заводунун өкүлдөрү башында алкоголдук ичимдиктер кайда агып жатканы тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин айтышкан. Бирок кампаны текшергенден кийин андагы түтүк жарылып сакталып турган сыранын теңинен көбү жолдун аркы өйүзүндөгү сууга агып кетти. Дарыядан табылган алкоголдук ичимдиктерге байланыштуу соттук териштирүүлөр уланабы, азырынча белгисиз.