Курал Чокоев сүйүктүүсүнө баш кошту…
25-аяк оона, 2018-ж // //Кече, 24-сентябрда ырчы Курал Чокоев бойдокчулук менен коштошту. Бул тууралуу “ZAMAN КЫРГЫЗСТАН” маалымат агенттигине ырчынын менеджери Аким Максат билдирди.
«Бүгүн Курал сүйүктүүсү Жанараны алып кетүү үчүн Чолпон-Ата шаарына келди. Бул жакта кыз узатуу тою болот. Андан соң Бишкекке жол тартабыз. Ал эми үлпөт той азырынча белгилене элек. Бүгүнкү салтанатта күйөө жолдоштук милдетти Анвар Осмоналиев аткарып жатат”,-деди Аким Максат
Эскерте кетсек, түгөйлөр Ысык-Көлдө эс алуу учурунда таанышкан. Курал Чокоев жайкы эс алуу маалында Жанара менен Түркияда эс алып, ошол жактан колун сураган. Ырчынын сүйүктүүсү 27 жашта.
БУЛАК:.zaman.kg