Коом

Күйөөмдүн орус ойношу «баламды бак»- деп жатат

Саламатсыздарбы мен бул жака кайрылам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Бул жалган жашоодо баарына даяр болуш керек экен. Күйөөгө ишенгенче эки босогоно ишен деген сөз чын экен. Азыр стрессте жүрөм күйөөм жазында Россияга кеткен иштегени үч ай жакшы эле жүргөн. Акыркы айларда телефонун өчүрүп ичип жоголуп жүрдү. Көрсө орус кыз таап алыптыр. Жакында келди ,мага кармалды күндө уруш бизде. Көңүлүн барбы кет ошого десем жок эркектик кылгам дейт. Баарынан күйгөнүм анын боюнда бар экен. Бизде эки уул кыз жок төрөп берет багабыз деп күйгүзүп атат. Мен тогуз жылдан бери төрөй албай жүргөм. Анысынын өлүп сүйөм экинчи кылып ал деп тынчтык бербейт. Мындайды эч кимдин башына келбесин эмне кылышымды билбейм тирүү өлүкмүн. Бирөөгө акыл үйрөткөндө кыйынбыз башына келгенде айла жок көтөрөт экенсин. Чыгарып беринизчи жеңилдеп алайын

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *