Коом

Күйөөм «ойношумдун боюнда бар, экөөң менен жашайм «деп жатат. Эмне кылсам?

Саламатсызбы. Чыгарып койунузчу, аноним болсун. Мен башыман көп нерсе өткөн , тажрыйбалуу эжелерден кенеш сурагым келет. Жолдошум менен баш кошуп жашаганынды 5 жыл болду. 2 балабыз бар, 3-боюмда бар. Эртен бүгүн деп турам. Жолдошум алыс жакта иштейт. Көптөн бери мага көңүлү жок болуп атканы билинип аткан, бир аз карызыбыз бар эле, ошону кутулуш керек деп эле ошол жака кетип аткан. 4 ай 2 айлап иштейт, 1 ай бизге келип жүрөт. Балдар менен жалгыз көп эле кыйналдым. Курсагымда дагы бар болсо. Балдарым уже куса боло башташты, эптеп чыдап тургула, мен деле силердин жанынарда жүргүм келип атат карыз болуп атпайбы деп атса ишенгем. Боорум ооруп, аны аяп. Кыйналсамда шартына көнүп. Эми ушул айдын аягында жумушу бүтүп келмек. Кечөө мага суук кабар угузду, мен барбайм бул жактан бирөөнү таап алгам, ал мындай тигиндей, уже боюнда бар. Жашайм макулмун десен мен экөөң менен тең жашайм дейт. Мен өзүмдү жоготуп, ыйлап көп нерсе айттым. Жалындым, алдадым болбоду. Зынаа иш кылып жүрүпсүн,
Кыздарына тийип калбасын деп ыйладым такыр болбоду. Бир нерсе десем анысына болушуп . Не кыларымды билбей атам .

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *