Коом

Күйөөм кыз эместигимди билчү. Эми кет деп жатат…

Саламатсызбы меникин да чыгарып беринизчи.  Жакында эле турмушка чыктым, өз каалоом менен эмес, алакачып кеткен. Мурда 3-4 жолу эле көрүшкөнбүз. Мага аракети, мүнөзү жакчу, отуруп калдым. Мени ала качат деп ойлогон эмесмин, ушунча тез болуп кетти. Бир айдын ичинде аябай кыйналып кеттим. Ошко тийгем,
баарына көндүм, кайындарым менен жакшы мамиледемин. Башында мага каршы болушуптур, бирок күйөөм мени алды. Шүгүр азыр баары мени жакшы көрүшөт. Жакшы мамиле кылышат, мен да өз милдетимди билем. Бир гана күйөөм менен келише албай жатабыз. Бири бирибизден көңүлүбүз калып
бүттү. Ооба мен күнөөлүмүн. Анткени мен кыз эмес элем. Мурда жигитим күч колдонуп койгон. Ал болсо кырсыктан улам өтүп кеткен. Мен күйөөгө тийбейм, мени түшүнгөн адам болсо анан тийем дечүмүн. Бирок баары заматта болуп кетти, ала качып турмуш курдук. Ачык айттым, алдагым келген жок. Күйөөм баарына көз жумган, өткөндөрдү эстебей, оокатыбызды уланта берели деп. Макул деп калып калгам. Бирок баары бир эркек киши унутпайт экен. Жашообуз такыр окшошпой
жатат. Билип атам жини келип атат, көп иче турган болду акыркы күндөрү. Мамилеси да муздап калды. Чыдабай ачык сүйлөштүм, мен сени кыйнап коём, жакшысы кеткенин жакшы деди. Мен да чынын айтсам кыйналып кеттим. Оокаттан эмес күйөөмдүн мага кылган мамилесинен. Эч кимге айтпай кетип калдым. Күйөөм эле билди. Атам, апам чалып жалдырап кел, сүйлөшөлү деп чакырышты. Улуу кишилерди сыйлап бардым, ачыгын айтып жашай албаарыбызды айталы деп. Бирок мени укпай жатышат, кайра эле кызмат кылып жүрөм. Же ары эмес, же бери эмес, күйөөм да унчукпайт. Экөөбүз чечишкенбиз, кеч боло электе ажырашалы деп, бирок атам, апамдар кетирбей жатышат.
Сыгылып,кыйналып кеттим. Кетсем өзүмдүн оокатымды кылып кете алам, өз ата-энеме жардам берип иштеп жүрө берем. Кайындарым аябай жакшы адамдар, баардыгы тен,аларды кыя албай калайын десем күйөөм экөөбүздүн көңүлүбүз жок бири бирибизге. Башым катып калды,эмне кылаарым билбей. Кенеш бериниздерчи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *