Мен тааныштар аркылуу күйөөм  менен таанышып бир ай сүйлөшүп турмушка чыккам. Менин келин болуп келишиме кайненемдин салымы чоң, ал мага жөнөкөй келин керек деп аяшы аркылуу мени таап уулу менен тааныштырып, үйлөндүруп койгон. Келгениме бир жылдын жүзү болду. Бирок күйөөм менден өзүн алыс кармайт. Өткөндө кызымтал болуп келди. Кайненем коноктон келе элек болучу. Ушундан пайдаландыбы айтор, «Сен мага эмес апама тийгенсиң. Мага сен жакпайсың, келбетиң менин мурунку аялымдай келишимдүү эмес. Ишенесиңби мен сени конокко да ээрчитип баруудан уялам»-деп көп сөз айтты. Ызаланып ыйладым. Көрсө аялы үй оокатка жок сулуу болгон экен. Болгону кайненеме жага бербей экөөнү ажыраштырып коюптур. Ортодо бала болбогондон кийин кетип калсамды деп ойлонуп жатам.