Күйөөм катындай болуп айтыша берет, биринчи күйөөмө кетип калсамбы?
31-баш оона, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваБул менин экинчи турмушум. Биринчи турмушумдан беш жыл жашап балалуу болбой ажырашып кеткем. Экинчи турмушумду туугандар эле таап берип турмушка чыккам. Бир балалуу болдум, бирок эрди катындай жашообуз уланган жок. Күйөөм колунан иш келбейт тактап айтканда жалкоо. Жаман жери жатып алып какшанып көп сүйлөнөт. Жооп кайтарсаң артыңан ээрчип алып катындай болуп албууттанып урушат. Буга чейин биринчи турмушумда жүргөндө Москвага барып иштеп бир топ каражат жыйнап келгем. анымдын да аягына чыгып бүттүк. Уулумду ээрчитип биринчи турмушума кетип калгым келип жатат. Биринчи жолдошумдун өзүнөн окшойт, менден кийин да үйлөнуп бирок балалуу боло албай ажырашып кетишти. Эми ал кайра кел элдешели уулду өз уулумдай багып алам деп жатат.