Күйөөм эркек төрөгөн аяштарын Султаншалар деп атайт, меники жалан кыздар…

Күйөөм эркек төрөгөн аяштарын Султаншалар деп атайт, меники жалан кыздар…

24-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Турмуш жолуна аттанганыма билинбей он эки жылдын жүзү болду. Ушул аралыкта үч кыздуу болдум. Күйөөм да мен да иштейбиз. Эки кызым мектепте, үчүнчү кызым бала бакчага барат. Акыркы кезде күйөөм уул төрөгөн аяштарын Султанша деп атап калды. Конокко барганда да күйөөмдүн тентуштары төрт эркеги бар аяшымды Султаншанын жогорку сорту деп сүйлөшкөнун угуп калдым. Эркеги бар үчөөнү дайыма төргө өткөрүшүп аларды Султаншалар дешет. Ан сайын ичим тызылдап кээде алардын отурушуна баргым келбей калды. Бир отурушкан келгенден кйин күйөөмө эмнеге элдин көзүнчө мени кемсинтесиң десем «уул төрөй албасаң, тукум улай албасаң ошого татыктуусун»-деди. Ошондо кыз төрөгөнүм үчүн мен басынышым керекпи?