Күйөөм чогу иштеген келин менен жүрүп алды. Эми кантем?

Күйөөм чогу иштеген келин менен жүрүп алды. Эми кантем?

08-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Саламатсызбы эже кандайсыз! Чыгарып бересизби менин постумду! Улуу эже, Синдилерден кенеш алгым келди балким туура кенеш бересиздер деп ойлойм! Жолдошум менен 7 жыл болду баш кошконубузга, эки балабыз бар! Ортодо көп нерселер болду барына чыдадык! Жарым жыл болду өзү менен кошо иштеген өзүнөн 4жаш улуу келин менен журуп алышты! Бирок ачыка чыкпай атат канча кармасамда моюндарына алышпайт! Жакындарым чыда бардык эркек жүрөт аягы сеники болот багып атат балдардын атасы дейт бирок кызганыч жаман экен аны айтсам эле жини келип колу тиет. Кандай кылсам ажырашып кетким келбейт анда тиги шуркуя жыргайт жол ачып берген болом
Ажырашпайын дейм нерв кетип атат! Оокатым кылып кете Алам кандай кылсам?