Күйөөм бар бирок күйөөсүз жашайм
22-бештин айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваКүйөөм балдарым бар. Түтүн булатып жашаганыма он жылдын жүзү болду бирок күйөөм жок балдарым менен жалгыз жашайм. Он жыл ичинде күйөөмдү беш ай гана көрдүм, тактап айтканда чогуу жашаганыбызды санасам беш ай араң толот. Күйөөм бир туруп Россияга иштейм деп кетет, бир туруп Кореяга кетет. Айтор ал өзү жалгыз жашап көнүп алды. А мен болсо балдар менен күйөөсу жок адамдай жалгыз жашайм. Атам көзү тирүү кезинде үй алып берген ошол үйдө балдарымды элдин арты кылбаганга аракет кылып жашап келем. Күйөөм менен бир айда бир же эки жолу сүйлөшөм. Анда да күнүмдүк көр оокат тууралуу. Бир да жолу сагынышуу сөздөрүн сүйлөшкөн жокпуз. Жаштыгымдын баары күйөөлү күйөөсүз аялдын түйшүгү менен өтуп жатат. Мага окшоп расмий күйөөсү бар фактический күйөөсүз аялдар барбы? Силер кантип кун кечирип келесиздер?