Коррупция бар, коррупционер жок!

Коррупция бар, коррупционер жок!

27-жалган куран, 2018-ж // //

УКМК, Башкы прокуратура жана Экономикалык кылмыпь тарга каршы күрөшүү кызматы экономикалык жана кызматтык кылмыштарга байланыштуу үч ири фактыны таап чыкты. Башкача айтканда, салык жашырууга жана жасалма кошумча нарк салыгын кайтарып берүүгө байланышкан ири коррупциллык байланыштардын бети ачылды.
Бул бети ачылган коррупциялык схемалардын кесепетинен мамлекеттин бюджети жана өлкөнүн экономикасы жалпысынан бир миллиард сомдон ашуун зыян тарткан. Өкмөткө караштуу комиссия кошумча нарк салыгын кайтарып берүү боюнча 2016-2018-жылдар аралыгында мыйзамсыз чечимдердин негизинде, мамлекеттик бюджетке 847 миллион сомдон ашуун зыян келтирген факты белгилүү болду.
Бирок жасалма документтердин негизинде кошумча нарк салыгы төлөнүп берилген компаниялар жана ошондой чечимдерди кабыл алган жогорку кызмат адамдарынын аттары көрсөтүлгөн жок.
Булак: «Фабула»