Көчөдө жыгылган байбичеге өтүп бараткан врач өмүрүн сактап калды
24-бугу, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваКөчөдө жыгылып калган байбичеге өтүп бара жаткан врач-хирург жардам берип оор абалдан чыгарып калды. Бул тууралуу Елена Баялинова билдирген.
«Мун бул учурда балкондо кир жайып жаткам. Жолдун аркы өйүзүндөгү самын каражаттарын саткан дүкөн бар. Бир убакта ал жерде эл топтоло түштү. Топтошкондордун арасынан арык аялдын жылаңач буттары көрүнө түштү. Ылдый түшүп бардым. Ал жерде карыган аял жатыптыр, ага ошол жерде өтуп бара жаткан врач жардам берип жатыптыр. Анын ар бир кыймылы менин жан дүйнөмө таасир берди. Ал өзүнүн милдетин так аткарды. Болгону ал өзүнүне атын атоодон баш тартып койду”-деп жазат.
Ал эми ал байбичени “тез жардам” келип ооруканага алып кетишкен.