Классташым сенден төрөп алайын деп жатат, кыйын абалда калдым
15-аяк оона, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваОн жылдыктан кийин парталаш кызым менен кайрадан жакшы мамиледе катыша баштадым. Өзүмдүн аялым эки уул бир кызым бар. Классташым турмушка чыгып жарым жылдан кийин ажырашып кеткен боюнча турмушка чыкпаптыр. Ошол жылдардан тартып тынбай иштеп мен жете элек бийиктиктерге жетип алыптыр. Анысына кубанычтамын. Аялым менен тез эле тил табышып алды. Эми өткөндө кызуу болуп алып мени үйгө жеткирип кой деп чакырып калды. Орто жолдон артка кайтып ал отурган кафеден үйунө жеткирдим. Ошондо ал «сенден төрөгум келет, мени менен кал»-деп жармашты. Араң таштадым, ошондон бери телефон чалса албай жатам. Үй-бүлөлүк катышта болуп туруп аны менен кантип басмак элем. Аялым деле билип калса кандай абалда калат. Эки күндөн бери үйгө келип мени кутуп отурат. Аялым байкуш билбейт. Эмне деп жооп кайтарарымды билбей жатам?