Каза болгон Темир Жумакадыровдун ордуна Дайыр Кенекеев келет

Каза болгон Темир Жумакадыровдун ордуна Дайыр Кенекеев келет

24-тогуздун айы, 2017-ж // //

Өкмөт башчы Сапар Исаков Коргонуу жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-
министрлик кызматка Дайыр Кенекеевдин талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу
Жогорку Кеңештен тастыкташты. Дайыр Кенекеев жол кырсыгынан каза болгон Темир
Жумакадыровдун ордуна көрсөтүлдү.
Кенекеев Дайыр Атакулович 1974-жылы 24-майда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы
Өзгөрүш айылында туулган.
Булак: fakt.kg