Касымалиева: Мэрия шылдыңдагансып “маска тагынып алгыла” деп койду

Касымалиева: Мэрия шылдыңдагансып “маска тагынып алгыла” деп койду

05-бештин айы, 2019-ж // //

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева абанын булганышына байланыштуу өкмөт тараптан бирдиктүү план жок болуп жатканын сынга алды. Ал ар бир мекеме өзүнүн эле маалыматын берүү менен гана токтолуп жатканын айтып, бирдиктүү реакция болбой жатканын айтты. “Кечээ, бүгүн эле күн ачылып калса унутуп калбашыбыз керек”, – деп түшүндүрдү ал.
“Өкмөттөн эч кандай маалымат уга алган жокпуз. Кара түтүн кайсы жактан чыгып жатат? Жаңыртылган ЖЭБденби, унааданбы? Же жеке сектордо отун, көмүр жакканданбы? Айрым жарандар айтып жатат, бирок экспертиза керек”, – деди Касымалиева.
Ал ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги, мэрия да жакшы иштебей жатканына токтолуп, министрлик абанын зыяндуулугу боюнча күндө маалымат берип турушу керектигин айтты.
“Абанын зыяндуулуу жөнүндө көп адамдар билбейт экен. Бирдиктүү реакция болгон жок. Эң башкысы, мэрия реакция жасаган жок. Шылдыңдагансып “маска тагынып алгыла” деп койду. Ыкчам, узак мөөнөттөгү чараларды карап чыгыш керек”, – деп кошумчалады эл өкүлү.
Кыргызгидрометтин синоптиктеринин билдирүүсү боюнча 3-4-декабрда Бишкек шаарында аба массасынын алмашуусу орун алган. Натыйжада азыркы убакта абадагы кирдетүүчү заттардын кармалышы төмөн экендиги байкалган. Эгерде ноябрьдын акыркы 3 күнү бул заттын кармалышы 440-448 мкг/м3 чейин жеткен болсо, кечээ эртеӊ менен бул көрсөткүч 11-13 мкг/м3 түзүп, 34 эсе азайган.