Карыган атасын карабайм деп бычактап салган

Карыган атасын карабайм деп бычактап салган

26-тогуздун айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Башкирстанда 46 жаштагы тургун  карыган атасын өлтүрдү. Бул тууралуу Башкиртстандын прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди .

Маалыматка караганда,  ал киши карыган атасын көпкө багып жүргөн. Анын атасы  шал болуп, жатып калган. Бирок, 2021-жылдын январь айында кылмышка шектүү жаран карыяны кароонун зарылдыгы болбой калсын деп бычак менен көкүрөгүнө сайып салган. Жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон.

Эркек кылмыштагы күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Кылмыш иши республиканын Жогорку сотуна жиберилет.