Каныбек Осмоналиев, профессор: “Дипломду саткан дагы, аны сатып алган дагы бирдей жаза алуусу керек, эки жак тең мамлекеттин көзүн боёп, оор кылмышка барып жатышат”
19-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева—Каныбек агай, Орозайым Нарматованын диплому жасалма деп аны берген окуу жайга да, өзүнө да кылмыш иши козголду. Эми диплому шек жараткан депутат, атка минерлердин да диплому текшерилиши керекпи? Анткени. Диплому күмөн жараткан бир топ депутаттардын да аты аталып жүрөт го?
-Биздин эгемендигибиз тарыхый чоң бурулуштан улам колубузга тийип калды. СССР чукулунан эле кыйрап, дүйнөлүк капиталисттик система өз максатына жетип, өзүнө курч атаандаштыкты түзгөн социализм лагерин быт-чыт кылып талкалап таштады. Ар бир Союздук республика өз оокаттарын өткөрө башташты. Биз, кыргызстандыктар, өз энчибизге тийген завод-фабрикаларды талап-тоноп алдык, Колхоз-совхоздорду дагы ошондой кылдык. Акыры келип, Батыш технологдорунун жетегине түшүп алып, билим берүү системасын талкалап кирдик. Жалпы орто, атайын кесиптик, жана жогорку кесиптик окуу системаларыбыз чет элдик шылуун технологдордун колуна салынып берилди. Натыйжада, ЖОЖдорубуз дагы акча жасоонун эле жолуна түшүп алды. Түркүн-түмөндөгөн ЖОЖдор пайда болду. Бул жагынан КМШ өлкөлөрүнүн дээрлик баарына мүнөздүү болгон «коммерциализация» азгырыктары ЖОЖдорду каптап кетти. Көп республикалар убагында акылдарына келишип, бул шайтан-азгырыкты токтото алышты. Бирок, биз, кыргызстандыктар такыр эле токтоно албай койдук да. Ал турсун окууну формализмге айлантып, саны көп, сапаты жок дипломдорду оңду-солду бере башташты. 90-жылдардан бери билим алышкан жаштарыбыздын билим деңгээлдери өтө эле төмөн болуп кетти. Ошондо эптеп-септеп билим алган балдарыбыздын көбү азыр мамлекеттик кызматтарга карай бой урушту. Алды министр, депутат боло башташты. Жасалма дипломдор жөнүндө өзүнчө кеп болгону дурус. Бирок, расмий эле алынган дипломдордун ээлеринин билимдери өтө начар болуп кетти! Акыркы 20 жылдын ичинде өзүнчө эле «жоготулган муундардын» (потерянное поколение) армиясы пайда болду. Ал эми Орозайым кызыбыздын тагдыры дагы ушул кырдаал менен тыгыз байланышкан. Ал жалгыз эмес. Орозайым коюлган дооматтарды ошол муундагы жаштардын көпчүлүгүнө койсо болот. Алардын ичинде азыркы жана мурунку депутаттар жана аткаруу бийлигинде иштеп жүргөндөр дагы бар чыгаар. Мен Нарматованын диплому жөнүндө эч нерсе айта албайм. Тергөө текшерип алаар. Бирок, убагында ЖКга талапкер болгондо, БШК эмнеге тыкыр текшерген эмес? Чынында бул иштин жаңырыгы кийин БШКга дагы катуу тийиш керек? Алардын жоопкерчиликтерин дагы кароо абзел. Эми депутат болуп, элдин добушуна арзып келген адамга кайрадан текшерүү жүргүзүү кандай натыйжаларга алып келет, айтуу кыйын! Депутат Орозайым Нарматованын диплому жөнүндөгү полемика Кыргызстандагы акыркы 20 жыл аралыгындагы ЖОЖдордо орун алып келген паракорчулук менен коррупциянын жүзүн элге ачык жарыялоого мүмкүнчүлүктү жакшылап түзүп койду. Ушул кырдаалды пайдаланып туруп эле расмий бийлик билим берүү системасын аңтар-теңтер кылып туруп, келечекке жол ачкан реформаларды жүргүзүп алса болот.
—Эми жасалма дипломдорду сатып алгандар да, аны акчага азгырылып саткандар да жазаланышы керекпи? Анткени, бул кылмыш болгондо дагы оор кылмыш деп жатышат го…
-Жасалма диплом деген түшүнүктүн өзүн оор кылмыш деп билишибиз керек. Анткени, диплом адамдын жогорку кесиптик билимин тастыктаган расмий мамлекеттик документ. Анын ээси жооптуу кызматтарга кабыл алынып, элдин , өлкөнүн тагдырын чече турган функцияларды аткара башташы мүмкүн. Демек анын жогорку билимин тастыктаган диплому эч кынтыксыз болуусу зарыл. Албетте, дипломду саткан дагы, аны сатып алган дагы бирдей жаза алуусу керек. Эки жак тең мамлекеттин көзүн боёп, оор кылмышка барып жатышат. Андай адамдарды аёонун эч кереги да жок. Коом бузулат, болбосо! Өнөкөт болуп кетет. Натыйжада, өлкөнү сабатсыз шүдүңгүттөр башкарып калышы мүмүн. Демек, мамлекеттин пайдубалы урай баштайт. Бул коркунучтуу кылмыш!
— Айтканыңызга ынаналы, окугандан эриккен үчүн ушундай жагдай орун алып жатабы же алган билим эмес, диплом мааниге ээ болуп калганбы?
— Бүгүнкү күндө жогорку билим алуу өтө эле төмөнкү деңгээлге кулап түштү. Баардык жерде акчага болгон азгырыктар орун алды. Карапайым элдин көр оокаты уламдан-улам кыйынчылыкка дуушар болууда. Окууга контракт төлөш керек. Анан шору каткан уул-кыздарыбыз өздөрү жумуш иштөөгө аргасыз болуп жатпайбы. Бул абал тээ 90-жылдар эле башталган. Азыркы күнгө чейин күчөп уланып келе жатат. Эгер мамлекет өзү каржылап окутууга кудурети жеткенде бул каргашалуу абал пайда болбойт эле. Билим берүү системасын ашкере эле коммерциалаштырып жибергенибиздин натыйжасы мына ушул. Сапат өлдү, «дипломдуу, көк мээлердин» доору келди. Анан каяктагы өнүгүү? Каяктагы прогресс? Жогорку Кеңештин депутаттар, аткаруу бийлигинин жооптуу кызматкерлери өтө сабаттуу адамдар болушу керек. Аттиң азыр бизде андай эмес.