Кайын энелер жөнүндө айтылган жаман сөздөргө ишенбегиле. Жакшы адамдар бар. Ооба, алар
аз, бирок бар. Бул нерсени мен так айта алам. Анткени, андай жакшы адамдын бирөөсү менен
чогуу жашайм. Ал менин алтындай кайын энем.
Балам экөөбүздү турмуш чүнчүтүп бүткөн. Экөөбүз атасынан жакшы сөз укпадык. Мага кол
көтөрөт, баласын сөгөт. Атасы мындай, чоң энеси дагы андан кем калбайт. Каргыш айтуу боюнча дүйнө чемпионатына барса болчудай. Небереси башында жанына чуркап барчу. Тосуп
алгандын ордуна кагып салат эле. Кийин ал келгенде кадимкидей эски шкафтын артына
бекинип алчу.
Ажыраштым. Минтип жашоо болбой калды. Баламдын келечегине балта чапкым келбеди.
Менин тандоом үчүн, анын жабыркашын каалабадым. Биз бакытка татыктуубуз деп ойлодум. Белгисиздиктен, ачкалыктан коркподум. Жашоо мени сындыргысы келди. Сынбадым. Балам
үчүн сынбадым.
Экинчи турмушумдан бакыт таптым. Күйөөмдүн сүйүүсүнө бөлөндүм. Кайын-журттан сый күттүм. Бир учурдагы байкуш келин, кичүү, эркелинге айланды. Көздөрүм жайнап чыкты. Ак чачтарым карайып, жүзүмө нур түштү. Жоголуп кеткен сулуулугум кайтып келди.
Сыртта тоокторго жем чачып жүргөм. Балам менен кайын энем үйдө токоч жасап отурушкан.
Экөөнүн сүйлөшкөнү ачык терезеден мага угулуп жатты.

– Алдыңан кетейин, иий, ошентип камырды тоголоктой бер. Азыр сага чоң апаң сонун май токоч
жасап берет. Ий, садагаң болоюн.
– Мен желмогузмунбу.
– Ыя ботом, аны сага ким айтты?
– Мурдагы чоң апам. Ал мени желмогуз дечү. Анан жамансың дечү. Анан урчу.
– Өзү желмогуз. Аныбы шашпа! Менин неберемди таарынтканын кара. Көңүлүңө алба балам.
Билесеңби, эмнеге ал антип айткан?
– Эмнеге чоң апа?
– Анткени, сенин чыныгы чоң апаң менмин.
– Мени таштап кайда жүрдүңүз?
– Секетиң болоюн, сени таштабай, издеп жүрбөдүмбү. Сен менин алтындай неберемсиң. Кана,
камырың даярбы?
– Ооба, чоң апа!
Көзүмө жаш алдым. Тооктор эбак жердеги жемди жеп бүтүп, мени карап турушуптур. Ичимдеги
баламды сылап, ыйлап тура бердим. Жок, бул бакыттын ыйы эле.