Кайын энем «мурда ажырашкан келиндүү болгонума бактылуумун» деп мени коргоду
16-аяк оона, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева«Экинчи күйөөгө тийбейм дегем»
— Эмне эле кыйналып жатасың? Бир нерсе айтайын дедиң беле?
— Ооба, неме, кандай десем, ошо, тиги бар го…
— Кыйнап жибердиң, болчу!
— Менин жубайым болчу…
Чөнтөгүнөн шакек алып чыкты. Кыялымдагыдай жөнөкөй шакек экен. Сунган колун ары түртүп туруп чуркап кеттим.Кыш болчу. Тайгаланганыма карабай тез-тез басып баратам. О кудай, суранам, артымын келбесе экен! Шап токтотуп өзүнө бурду. Бышылдап мурдумду тарттым. Кучактады. Кармана албай ыйлап жибердим. «Мен сени сөзсүз бактылуу кылам» деген сайын шолоктойм. Басылдым. Шакегин алып колума тактым. «Апа, бейсең, бейсең!» Үч жаштагы кызым шакегимди көрүп булдуруктап жатты. Эх, бала да. Эч
нерсе түшүнгөн жок. Аркы бөлмөдөн апам чыгып колумду карады.
— Макул болдуңбу?
— Ооба.
— Өзүң билесиң да.
— Апа.
— Oy.
— Мен коркуп жатам.
— Мен дагы.
Биринчи турмушумдан жаңылып калгам. Сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Аябай кызганчаак эле. Той бүтөрү менен кол көтөрдү. Кечирим сурганынан кечирдим. Үч айлык боюмда барда,көк ала кылып сабап салды. Кетип калдым. Апам кыздуу болгонун сүйүнчүлөп чалса, «ал меники эмес» деп трубканы басып коюптур. Экинчи күйөөгө тийбейм дегем, бирок Сейит оюмду өзгөрттү. Кызым аны көрөрү менен «Ата!» деп чуркап чыкты. Сейит чачынан сылап «кызым» дегенде тоңуп калган жүрөгүм эзилди.
Көшөгөдө отургам. Терезе ачык болчу. Сыртта иче-карын жууп жаткан аялдардын үнү угулуп жатты. «Ай, мурда ажырашкан турбайбы», «бир эрден чыккан бекен», «соо эмес бирөөгө», «кыязы,күйөөсү кетирген окшойт», «кызын эмне кылат экен», «биздин баланын башын айлантып алды да», «күнөө өзүндө болсо керек» ж. б.
Ыйлап отурсам кайын энем шорпо көтөрүп кирип келди. Баарын түшүндү окшойт, «азыр кызым» деген бойдон чыгып кетти. «Ай, уятыңар барбы! Ооба, балам ажырашканаялды алды. Анын эмнеси бар экен? Мен кайра ушундай келиндүү болгонума бактылуумун. Эмне дүйнө жүзү боюнча менин эле келиним ажырашыптырбы? Өзүңөрдү көрүп алып, анан бирөөнү
сындасаңар! Же ар бирөөңөрдүн күйөөңөр кандай экенин айтайынбы? Келиним жөнүндө дагы бир нерсе деп көргүлө, эмне кылар экенмин Тур, үйүңөргө жөнөгүлө, рахмат жардамыңарга!» Аялдар эжелеп эле кечирим сурап калышты. Жашымды сүртүп, мурдумду тартып, шорподон ичтим. Уулума суктанып, төрөтканада жаткам. Бир шар учуп келип терезеге тийди. Сыртты карасам, Сейит, кайын энем жана кызым үчөө кол булгалап жатышыптыр.