Кайненем менден шек санап, «бузулган аял» деп айтат экен
21-тогуздун айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваТүтүн булатып жашаганыма он жылдын жүзу болду. Бул аралыкта эки кыз бир уул тарбиялоодомун. Жолдошум мамлекеттик кызматта иштегендиктен мен ага финансылык жардам көрсөтүп жеке ишканалардын биринде иштейм. Жыл сайын кайненеме белек берип, модасы менен кийим алып берип калчумун. Жактырбагандай кылып кабыл алчу. Өзүнун мүнөзу ушул экен деп кабыл алып келгем. Көрсө кайненем менин тапканымды көрө албай бирөөну таап алып ошонун жардамы менен жашайт, менин оозумду жабыш үчун кымбат белек берет деп айтчу экен. Бул сөз кокусунан улуу абысынымдын оозунан чыгып кетти. Эгерде тойго барып кызуу болгуча майрамдабасак кайненемдин менин артыман эмне деп жүргөнүн билбеген бойдон калмакмын. Ошондон кийин кайненеме болгон жылуу мамилем сууп калды. Эмнеге мени бузулду деп ойлойсуз деп сурагым келди бирок абысыным экөөнүн ортосуна от жаккым келген жок. Анткени экөө өтө ынак болуп жүрүшөт.