Кайненем: «Эми меникисиң»-деп мени буюмга теңеп мамиле кылат. Тажадым…

Кайненем: «Эми меникисиң»-деп мени буюмга теңеп мамиле кылат. Тажадым…

25-жалган куран, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева
«Бул үйгө келин болуп келген күндөн баштап сен меникисиң”. Кайненемдин мындай сөзү жүрөгүмдү зырп эттирди. Минтип жолдошум айтса жарашат беле? Жүрөк ооруткан мындай сөздөрү өтө көп болот. Кайненем бүтүндөй дүйнө анын айланасында тегеренишин каалайт.
Үйдө кичүү келинмин. 4 балам менен үйдөмүн. Жолдошум канча тапса да ошол үйдүн ишин жүргүзүү биздин моюнубузда. Менин болсо оокаттан башым чыкпайт, башка жакка карыш дагы баспайм. Сен келинсиңби, демек, үйдүн жумушу, бардык тиричилик сенин моюнуңда деген түшүнүк менен жашайт кайненем. Ал эми балдарга тарбия берүү, китеп окуп берип, сейилдетип эшикке чыгаруу деген менде жок.
Мен чарчадым, аябай чарчадым. Эмнеден? Түйшүктөн чарчадым. Келин болгонум үчүн, өзүм каалагандай үйүбүздүн эмеректерин коюштурганга, өзүм билип чарбамды жүргүзгөнгө, жадакалса өзүм каалагандай балдарыма кийим алып бергенге акым жок. Эртең менен таң атпай туруп үйдөгүлөрдүн курсагын тойгузуп, идиштерди жууп, үйлөрдү жыйнап ошол күндүн камын көрүп жатканча эле түн ооп кетет.
Беш мүнөт башыңды жаздыкка коюп чырм этип алайын дегиче кайнененин катуу үнү чыгып, кайнатанын күрсүлдөп жөтөлмөйү башталат. Аргаң жок, туруш керек. Баш кошкондон бери уйкум кана уктап, өзүм жакшы көргөн тамакты жасап, же курбуларым менен жолугушуп көрө элекмин. Мунун баары эле жыйылып келип стресс, депрессия болот тура. Тиричиликтен баш көтөргөнгө алым жок, балдарымдын кантип чоңоюп жатканын сезбей калам. Аларды кучактап балкып эмизүү кайдан. Же кумарлана карап, китеп окуп берүү, мээримге кана тойгузуу мен үчүн кол жеткис нерсе. Улуу сөздө уят жок, күйөөм менен эзилип жытташып, сырдашып убакыт өткөрө элекпиз. Түйшүк, түбү көрүнбөгөн, акыры бүтпөгөндөй тиричилик.
Ар бир үй-бүлө өзүнүн чарбасын жүргүзүшү керекпи деп ойлойм. Жадакалса чымчыктар деле оозуна ылай тиштеп келип, өз уясын өздөрү курат экен, анан балапандары темир канат болгондо аларга учканды үйрөтөт тура. Биз акыл-эстүү болуп туруп балдарыбызды мыкчып, “мени менен жаша” дейбиз. А балапан учкусу келет, өзүнүн жемин тапкысы келет. Аларга сиз алып келип берген азык даамсыз сезилеттир, сиз куруп берген уя тар келип жаткандыр? Бул тууралуу эч ким ойлонуп деле койбойт.
Ошентип менин эң сонун жылдарым өтүп бара жатат. Күзгүдөн өзүмдү көрүп жүрөгүм ооруйт. Андан эрте карыган, чарчаңкы, жүзүндө нуру жок сустайган бир келин карап турат. Жадырап-жайнап, жашоого тойбогон кыз келген бул үйгө. Кана ошол?
Шүгүр кыл дешет, миң жолу шүгүр айтам, бирок мен ушинтип бирөө үчүн жашашым керекпи? Жалындаган жаш убактымды кайдадыр далбастоо менен өткөрүп жиберишим керекпи? Макул, мен жасаганымды милдет кылбайм, бирок жасап жатканымды да бир баалап коюшса эмне болот? “Сезим, сен азаматсың, биздин үй-бүлөгө салым кошуп жатасың”, же “бул үйдү кантип жасалгаласак, балким, сага кир жууган машинанын башка бир маркасы жагар?” деп сурап коюу эч кимдин акылына да келбейт. Эмне кылсаң да “келин оокат кылбаганда ким кылышы керек?” дешет. Келиндин кызматы эле керек, өзү адам катары акыл кошо албайбы? Өзүм да эмоциямды сыртыма чыгара албаган адаммын, бирок күндөн-күнгө ушу суроолор мээмде айланып эле жүрөт. Бөлүнүп жашап кетүү мүмкүн эмес, анткени жолдошум кичүү бала. Бирок бир өмүр эч нерсеге ээ болбой, жөн гана үй кызматкери болуп жашоону ойлогонумда төбө чачым тик турат. Мен өз үйүмдө бир кашыкка да ээ болбой жашап өтөрүмдү ойлогондо… Бир нерсени өзгөртөйүн дегиче “эмне жетпейт сага?” дешет. Ичимдеги ыза күндөн-күнгө батпай барат.
Эмне кылышым керек? Ажыраша албайм, анткени балдарым бар, жолдошум жакшы адам. Кайната-кайненеме да ичимдегини айта албайм. Өткөндө эле кайненем сөздөн-сөз чыгып кетип “сенин жашооңо суктанган кыздар толтура, кыйшаңдасаң кетирип, башканы алып келип киргизип коёбуз” деген мааниде сөз кыйытты. Жолдошум жалгыз бала болгон үчүн ата-энесинин таасиринен чыга албайт. Бардык тарабы жар.
Кээде жөн эле баш оогон жакка басып кетким келет. Анте да албайм, анткени менин балдарым бар! Меникиндей маселеси бар келиндер болду бекен, ыя? Алар кантип бул абалдан чыгышат? Бир эле жолу – ажырашуубу? Жок, жок, Кудай сактасын! Бардык жагын ойлонуп, эч ким зыян тартпагандай жол табышым керек. Билбейм, абалым ушундай азыр. Балким, жаштырмын, балким, эркиндик жетпей жаткандыр, же акылым, тажрыйбам жетпей жаткандыр. Же жашоо мыйзамы ушундайдыр. Бирок эмнеге көкүрөгүм ачышып, жанымды коёрго жер таппай жүрөм?..
Сезим.