Кайнатам кыз-келиндерди үйгө көрүнө жетелеп келет
30-жетинин айы, 2020-ж // // Айпери ОсмоналиеваБизге кайрылган Айнура (аты өзгөртүлүп берилди) үч жыл мурун турмушка чыккан. Учурда кайын атасы менен бирге жашап келген. Анын айтуусунда кайын атасы үйгө кыз келиндерди ээрчитип келип жатканы аны тынчсыздандырып жаткан.
“Марат экөөбүз Москвада иштеп жүрүп таанышып калганбыз. Үч жылдай сүйлөшуп журүп турмушка чыктым. Буга чейин эле жолдошум апасы катуу оорудан улам ал 15 чыкканда каза болуп калган. Ал эми атасы болсо ошол бойдон үйлөнгөн эмес. Карындашын төрт жашынан эле таэжеси багып алганын айткан. Эки жылдай Москвада иштеп андан кийин мекенибизге кайттык. Шаардын четинде атасынын чоң үйү бар экен. Тапкан акчабызга ал үйду оңдоп-түзөп, оокат да алып алдык. Алты айдай кайын атам жакшы эле жүрдү. Эски машинасын да жаңыртып бердик. Азыр бала менен үйдөмүн. Ал эми жолдошум болсо Кайрадан Москвага кетти. Телевизердун астынан чыкпаган кайын атам акыркы кездерде үйгө кеч келип же келбей калат. Кийимдери помада, аялдардын атыры жыттанып турат. Жаш эмеспи бирөө жарым бар болсо керек деп ойлоп койгом. Эжемдин уулу үйлөнүп, тойго кеткем. Үйгө келсем аялдын бут кийими турат. Билмексен болуп өз бөлмөмө кирип кеттим. Кийинки күнү дагы башка бут кийим келди. Кызыгып алар чыгып бара жатканда терезеден карам оозум ачылды. Мен курактуу жаш келин экен. Ошентип кайнатам күн алыстан бирөөлөрдү үйгө алып келет. Баары мен көрө электер болуп жатты. Кайнатамдын келиндерди кол жоолуктай эле колдонгонун көрүп унчуга албадым. Кантип кайнатамдын бул кылык жоругун токтотобуз. Азыр жолдошума да айткандан коркуп жатам.”