Күйөөм менен он беш жыл чогуу өмүр суруп эки кыз бир уулду тарбияладык. Кайын журтум менен мамилем да жакшы эле. Кайнагам кутүүсуздөн өтуп кетти. Бул баарыбызга кара тун тушкөндөй болдук. Анткени баарыбыздын башыбызды чогултуп турган кайнагам болучу. Кайнагамдын жылдыгынан кийин эле күйөөм өзгөрүп абысынымды көп сөз кыла баштады. Анын оюнда эмне бар экенин кайдан билейин, чынында менин да кабыргам кайышып аны аяп бир үйдө жалгыз калды деп кыздарымды бат-бат жөнөтуп калып жүрдүм. кийин кыздарым баргандан баш тартып коюшту, күйөөм үйгө кеч келип баштады. Кайда жүрөсүн десем жеңемдикинде аны жалгыз калтырбайын деп баргам тамак жасап жатыптыр отуруп калдым деп. Жеңеси эмеспи деп коем. мени башка чаап ура турган адам жок. Көрсө жеңеси менен буга чнейин эле кайнагамдын көзу тирүүсүндө эле жашыруун жолугушуп жүруптүр. Бир күну күйөөм келди да мага кийимдерин бут жыйноомду айтты. Эмнеге десем “Асылды мен катуу сүйгөм. аны таптакыр унута албай койдум. Байкем армиядан келгенден кийин Асыл менен мамилем бар экенине карабай алакачып алган. Асыл болсо мен деп отуруп калып ошону менен кете албай калды. Менин ага болгон сүйүүм дале өчө элек эми аны менен калган өмурумду чогуу өткөрөм ” деп кийимдерин жыйнап чыгып кетти. Айыл ичи дүң болду кайын журтум ызы-чууга түштү. Мен бир жылдай катуу депрессияда жүрдүм. Акыры ага да көндүм. Күйөөм болсо ошол бойдон уул кызына бир басып келген жок.