“Нур акамедиясынын” негиздөөчүсү  Нурзат Токтосунова балбан кыз Айсулууну аялдык бакытты да унутпай турмушка чыгуусун билдирип, инстаграмм баракчасына жазып чыккан. Анда : “Кыргызстан жараны катары мен сага ыраазымын!
Бул жылдар бою алтын эмес, бриллиант алгандай элге дух берип келдиң.
Кийинки олимпиадага барба, үй- бүлө кур, балалуу бол. Аялдык бактың болсун!”-деп жазган. Көп өтпөй бул постко алып баруучу Эркин Нурбаев жооп катары башка бирөөнүн жеке жашоосуна аралашпоосун айтып жазып чыкты. “Активист Эркин Нурбаев атактуу алып баруучунун башка бирөөнүн, жеке жашоосуна аралашпоону сунуштайт @nurzat_toktosunova_official жана мен эмне үчүн маанилүү экенин талкуулоого даярмын, башка бирөөнүн жеке мейкиндигине  кирбөө керек.  Олимпиадалык күмүштү алган адам эмне кылыш керек экенин жана эмне кылбоону жакшы билет”-деп жооп берген.