Экс президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдун макамы алынат
04-бирдин айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваЭкс президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдун экс макамынын алынышына кайрадан кол топтоо баштады. Бул тууралуу социалдык баракчаларга билдирүүлөр тарап жатат. Фейсбуктагы активдүү блогер катары таанылган Чыңгыз Капаров өзүнун баракчасына мындай билдирүү жасады.
“Кымбаттуу мекендештер, бүгүн 01.02.2021 экс президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдун макамын алуу боюнча кол топтоо башталды. Бул демилеги колдогон баардык кыргызстандык жарандарды бирге иштөөгө чакырабыз.
Бул иштин жүрүү процессин ютубдагы Aгым kg каналыбыздан ачык көрө аласыздар.
Эгерде мигрант болсоңуз, Кыргызстандын сыртында жүрсөңүз анда сизге кол топтоо бланкасынын электрондук түрүн беребиз.
Баарыңыздарды Жума жана ишемби күндөрү Ала-Тоо аянтынын Илбирс имаратынан күтөбүз.” –деп билдирген.
ARGUMENT.KG