Эки жашар кыз дааратканага түшүп каза болду

Эки жашар кыз дааратканага түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматта, окуя ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кең-Сай айылында болгон. Кыз ойноп жүрүп ачык турган даараткананын ичине түшүп кеткен. Куткаруучулар баргыча кыз чарчап калып анын сөөгүн туугандары чыгарып алышкан.

Add your comment

Your email address will not be published.