Имамидин Ташов карапайым адамдардын 70 миллион сомун жеп алганбы?
12-бирдин айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева11 февраль 2021-жылы ЖЧК «Озтопрак»- кж групп , кылмыш иши боюнча жабыркаган адамдар коомчулука жана Кыргыз республикасынын Президенти Садыр Жапаровго кайрылышты…
Имамидин Ташов менен Улан Абдукеримовдун үстүнөн козголгон кылмыш иш Кыргыз республикасынын Өкмөтунө караштуу финансы полициясынын өндүрушундө.
Чынында, кылмыш иштин материалдары боюнча, июль 2016-жылы И. Ташев, У. Абдукеримов жана Э. Газиева үчөө оозеки түрдө кылмыш схемасын түзүшкөн, ал боюнча батир сатуу бөлүмү, дольщиктерге жалган маалымат берүү болгон, бул боюнча У. Абдукеримов буйрук бергени боюнча ошол сатуу бөлүмунүн башкы кызматкери Азамат Бейшеев көрсөтмө берген.
Бишкек шаары 1-Май сотунун 31- июль 2019-ж. өкумундө Э.Газиева өзунүн кылмышын КЖ групп компаниясынын кызматкерлеринин катышуусу жок ишке ашыра алмак эмес, деген бутүмгө келип, Э. Газиеванын аракетин Кыргыз Республикасынын 204 ст. 2б. менен соттогон, мындайча айтканда, квалификациясы бир топ адам менен алдын ала сүйлөшүү жолу кылмыш жасалган.
Тактап айтканда, кеп кылмыш преюдициясы, бул кылмыш жагдайы сот актысы менен аныкталгандыктан, кийинки кылмыш ишти кароодо кошумча аныктоо –далилдөө талап кылынбайт, дегенди билдирет.
Көрсөтүлгөн соттук өкүм, эбак эле мыйзамдын күчүнө кирген, мындайча айтканда, И. Ташев менен У. Абдукеримов боюнча бөлунгөн кылмыш иш токтоосуз соттун кароосуна жиберилүүсү керек эле.
Бирок, Имамидин Ташев, карапайым адамдардын 70 миллион сом акча каражатын жеп алып, кылмыш топтун негизги катышуучусу болуп жана оор кылмыш жасаган болсо да, Жогорку кеңешке, президенттике өзунүн талапкерлигин коюп келди.
Эгер, жөнөкөй адам ушуга окшогон кылмыш жазаса, ал ошол замат түрмөдө отурмак…
Тилеке каршы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө караштуу финансы полициясы, И. Ташев менен У. Абдукеримовдун кылмыш ишин сотко жибербей келишүүдө, ал эми жабырлануучулар болсо, акчадан же үйдөн жок, батирлерде жашап жабыркашууда.
Oper.kg