ИКРАМДЫН ШОПУРУ, САБАТСЫЗ ТУМАНБАЕВДИН КЕДЕРГИСИ ТИЙИП КАЛБАЙБЫ?

ИКРАМДЫН ШОПУРУ, САБАТСЫЗ ТУМАНБАЕВДИН КЕДЕРГИСИ ТИЙИП КАЛБАЙБЫ?

05-аяк оона, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

Эки сүйлөмдү туура жаза албаган, жеткен сабатсыз Каныбек Туманбаев аттуу Икрам Илмияновдун мурдагы шопуру парламенттик шайлоого баратат. Ишкерликти, кайрымдуулукту бетке кармайт экен.  Депутаттын милдети — мыйзам жазуу, аткаруу бийлигин көзөмөлдөө жана элдин таламын талашуу эмеспи.
Натыйжада,  Каныбек Туманбаевден эмнени күтсөк болот?  Орой айтканда,  бул «чимкириктерден» да деңгээли пас болуп чыкпайбы? Чөнтөгүнө беш тыйын түшуп калса, амбициясы ашынган ушуну көрдүк! Икрамдын аркасы менен байып, дүнүйө-мүлктүн аркасынан гана чуркап, билим деңгээли «нөл» экенине карабай чамына береби? Кыргыз элинин шору көп экен да!
Бул эргул «Биримдик» партиясынан аламанга аттанды. Эмитен эле көө сүйкөй тургандыгы билинүүдө.  Негизи «Биримдикте» сабаттуу, тажырыйбалуу, мекенге кызмат кыла турган саясатчылар да жок эмес. Алардын арасында бул шоона эшпей калат го? Кыргыздын накыл кебинен айланса болот: «Бир карын майды бир кумалак чиритет» дейт. Кедергиси тийип калбайбы?
Булак: Арыба.кж