Бишкек шаарынын айдоочулары эми Байтик баатыр көчөсүнөн Горкий көчөсүн көздөй чыгышка карай бурула алышпайт.

Маалыматта, буга чейин Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Медеровдон Горькийге чейинки бөлүгү жол оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылган.   Жол тыгындарын болтурбоо үчүн Горький көчөсү менен чыгышты көздөй айдап бара жатканда жол белгиси алынып, солго бурулууга уруксат берилген.

Кечээ эртең менен жол белгиси кайрадан орнотулду. Эми айдоочуларга Байтик баатырдан Горькийге чыгышты көздөй бурулууга тыюу салынды.