Фото — Москвага барган жуучулар: Сузакка келин болгон 19 жаштагы Кристина нан бышырып, короо шыпырганды үйрөндү
24-тогуздун айы, 2017-ж // //Сузак районуна караштуу Кулбайлуу айылынын тургуну Нурсултан Шамшибек уулу менен Россиянын Москва шаарында өскөн Кристина кыргыз каада-салты менен чакан мамлекетин курушту. Ушул жылдын жаз айларында Нурсултандын ата-энеси Москвага барып, келинге сөйкө салып, калың берип келишкен. Жаш үй-бүлө менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.
23 жаштагы Нурсултан менен 19 жаштагы Кристина Кыргызстанга сентябрь айынын аягында келишти. Кубанычы койнуна батпаган кайын эне келинин ак жоолук салып тосуп алган. Учурда Нурсултандын ата-энеси келини башка улуттан экенин дээрлик эске алышпайт. Анткени Кристина шаарда өскөнүнө карабай тың келин экенин белгилешти. Кайын энеси айтпаса да таң эрте короолорду шыпырган Кристина 2 күн мурун тандырга өз алдынча нан бышырганды да үйрөнүп алган.
Орус кызына үйлөнгөн Нурсултандын айтымында, алар Москва шаарында кокустан таанышып, 4 жыл кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүшкөн.
«Бир көргөндө эле жубайымды жакшы көрүп калгам. Биз төрт жыл сүйлөшүп жүрдүк, андыктан бири-бирибизди жакшы билебиз. Экөөбүздүн тең ата-энелерибиз каршы болушкан жок. Экөөбүз 25-сентябрда Кыргызстанга келип, 19-октябрда Жалал-Абад шаарындагы кафелердин биринде той өткөрдүк. Кристинанын бир туугандары кийинчерээк келишет. Кристинаны менин ата-энем өз кызындай эле кабыл алышты. Мындан ары биз ата-энебизге жардам берип, бирге жашайбыз», — деди Нурсултан.
Кристина үчүн кыргыздын келин алуудагы салттары кызык болду. Өзгөчө келинге жоолук салуу, жүгүнүү жөрөлгөлөрү аны таң калтырган.
«Кристина жоолуктарга кызыгып, улам алмаштырып салынып жүрөт. Өз алдынча нан бышырганды үйрөнүп алыптыр. Уй сааганды үйрөнөйүн деп калды. Кызыгуу менен үйдөгү баардык жумуштарды жасап жатат», — деп кошумчалады.
Кристина жолдошунун фамилиясына өтүп, Шамилбекова болгон. Анын бул чечимине жакындары каршы болгон эмес. Ал учурда кыргыз тилиндеги сөздөрдү толук түшүнүп, бирок азырынча оюн кыргызча толук айтып бере албайт. Ага ат минген да өзгөчө жаккан.
«Той күнү биринчи жолу ат мингенди үйрөндү. «Токой тарапка ат минип баралы» деп кызыгып жүрөт», — деди Нурсултан Шамшибек уулу.
Кристина бул үй-бүлөнүн улуу келини. Нурсултан 4 бир тууган болсо, Кристина 5 бир тууган.
Булак: turmush.kg