Саясат

Депутат Дастан Бекешев: “Бейшеналиев бизди тоотпой резиденцияда тундурма кайнатып отурабы?”

Саламатттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин эмне себептен улам парламенттик жыйынга келе албай жатканы талкууга алынды. Анда депутат Дастан Бекешев да өз оюн ачык бөлүштү.
“Министр уу коргошундун тундурмасын эл алдында ичүүгө убакыт тапты, бирок биз чакырганда 24 саат бою бошобой жатканын билдирди. Демек министрибиз резиденцияда ушул убакка чейин уу коргошундун тундурмасын кайнатып жаттыбы? Мындай кенебестикке жол берген биз да күнөөлүбуз. Биз авторитаризмди орноткон жаңы Конституцияны кабыл алууга уруксат бердик. Мына көпчүлүк министрлер бизди сыйлабай башташты.  Мындай болбошу керек. Келгиле, аны чакыралы, андан кийин аны кызматтан кетирүү жөнүндө чечим кабыл алабыз же жок “, – деди депутат.
Булак:argument.kg
 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *