Депутат Абдывахап Нурбаев: «Мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөнчө кыздар кара далы болуп кетет»

Депутат Абдывахап Нурбаев: «Мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөнчө кыздар кара далы болуп кетет»

27-тогуздун айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун “кыздар мугалим күйөөгө тийүүнү кыялданат”-деген сөзүн Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев кайрадан көтөруп чыкты.

Жогорку Кеңештин жыйынында Абдывахап Нурбаев: «Акылбек Үсөнбекович өткөндө сиз мугалимдердин айлыгын көбөйтөбүз деп айтпадыңыз беле. Мугалимге турмушка чыгам деген кыздар кара далы болуп кетпесин. Быйыл мугалимдердин айлыгын көтөргөнгө мүмкүнчүлүк барбы?»-деген суроо узатты. Буга жооп катары Акылбек Жапаров: «Мен Финляндиянын мисалын келтирдим. Анда жыл сайын сурамжылоо болуп турат экен. Финляндиядагы кыздар мугалимге анан архитекторго турмушка чыгабыз деп айтышат экен. Мен ошону мисал кылгам. 1-апрелде мугалим, дарыгерлердин айлыгын көтөрөбүз», — деп жооп кайтарды. Кийинки жылдын апрель айынан баштап мугалим менен врачтардын айлыктары көтөрүлө турганы дагы бир жолу такталып айтылды.