ЧУУЛГАНДУУ КАРГАНБЕК САМАКОВ БИЙЛИККЕ КАНТИП ЖАКЫНДАШУУДА?

ЧУУЛГАНДУУ КАРГАНБЕК САМАКОВ БИЙЛИККЕ КАНТИП ЖАКЫНДАШУУДА?

28-бештин айы, 2019-ж // //

Жакынкы күндөрү телеканалдардын биринде карганбек Самаковдун кеңири маеги жарык көрдү. Баам салган адамга бул маек өтө тыкан сценарий менен даярдалганы көрүнбөй койбойт. Кандай суроону кантип бериш керек, ага эмне деген жооп болуш керек деген маселелер өтө кылдат итштелип чыкканы көрүнүп турат. Негизи эле Карганбек мырза мурдатан эле журналистер менен алака кылганды мыкты өздөштүргөн. Маселен бир топ жыл мурун бир канча журналистке чай берип, кымбат баалуу белектерди бергенин айтып жүрүшөт. Чуулгандуу жер участактары, Жаныш Бакиев менен жеке жакын мамиле куруп ал менен сүрөттөрү интернеттер баракчаларына жайылып кеткенин билебиз. Айрымдар изилдөөчүлөр көп жылдык эмгектерине ээлик кылып, Манас эпосун баалуулук катары Юнескага каттаткандыгын бүт баарын өзүнө ыйгарып алды деп нааразыланганын укканыбыз бар. Балким ошол нааразы болгон изилдөөчүлөрдүн ондогон жылдык эмгегин марага жеткиргени чындыр. Изилдөөчүлөрдүн күйгөндүгүндө да чындык бардыр. Айтор Карганбек мырзага азыр деле берүлчү суроолор көп өңдөнөт.
Булак: argument.kg