Бокс боюнча мелдештен беш коло медалга ээ болушту

Бокс боюнча мелдештен беш коло медалга ээ болушту

11-жалган куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Бокс боюнча мелдештен Кыргызстан беш коло медалга ээ болду. Бул тууралуу KYRGYZSTAN Boxing team баракчасына жарыяланды.

Маалыматта, Иорданияда өткөн бокс боюнча жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында Кыргызстандын спортчулары беш коло медалга ээ болушкан.

3-орунга Зафарбек Камилов (46 кг чейин), Данияр Темирханов (48 кг чейин), Рамзан Кадыров (63 кг чейин), Мухаммед Азиз Закиров (75 кг чейин), Азим Чойбеков (80 кг чейин) ээ болушту.

Дагы бир кыргызстандык Эмир Кылычбеков  50 килограммга чейинки салмак ченинде Азия чемпионатынын финалына чыкты.