Апта: «вазирдин» кармалышы

Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп.

Улуттук коопсуздук комитети экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамы, 20 жылдан ашык мезгилден бери шоопуру жана жардамчысы катары иштеп келген Икрамжан Илмияновго “алдамчылык” боюнча сыртынан айып коюп, 18-октябрда издөө жарыялаган. Эртеси эле ал Москвада Дубайга учуп жатканда кармалып, Бишкекке алынып келинди.

Икрам Илмиянов кармалгандан кийин. "Манас" аба бекети. Икрам Илмиянов кармалгандан кийин. «Манас» аба бекети.

Президенттин мурдагы кеңешчисинин жанынан Дубайдан ары Нью-Йоркко кетүү үчүн учак билети табылганы да кабарланды. Маалыматтарда ал быйылкы жылдын июнь айынан бери Орусияда, анын ичинде Казанда жашап жаткан.

Күч түзүмдөрүндөгү маалыматка ылайык, ал президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп турган кезде ишкерден 150 миң доллар пара алган деп шек саналууда. Ал 28-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Илмиянов кезинде Атамбаевдин эң ишенимдүү адамы катары жанында жүрүп, 2010-жылдан кийин анын кеңешчиси, президенттик аппараттын орун басары кызматтарын аркалап, Кыргызстандагы эң таасирдүү адамга айланган. Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын ноябрь айында кызматын тапшырарга жакын Илмияновду III даражадагы «Манас» ордени менен сыйлап кеткен болчу:

​- Ал 18 жашынан бери 25 жыл мени менен иштейт. Алардын ар бир жылы беш жылга тете десем болот. Ал мени менен ар кандай нерсени башынан өткөргөн. Аны бакиевчилер кармап алып, башына пакет кийгизип кыйнаган. Кыргызда сөз бар эмеспи, “вазир жакшы — хан жакшы” деген. Мен кантип өзүмдүн вазирлериме сыйлык бербей коем? Алар сыйлыкка татыды.

Илмияновдун Кыргызстандагы кадр саясатына, бизнес чөйрөгө аралашат деген сөздөр Атамбаев президент болуп турган кезде эле көтөрүлүп келген. Бирок жардамчысынын дарегине айтылган айыптоолорду Атамбаев өзү бир канча жолу четке каккан. Кезинде саясатчылар, анын ичинде министрлер да өкмөт башчыларга караганда Илмияновдун кабинетине көп каттап калышканы айтылып келген. Муну Жогорку Кеңештин депутат Жанарбек Акаев да эске салды:

Жанар Акаев.

— Бул, биринчиден, так ошол Сооронбай Жээнбековдун командасына эң чоң коңгуроо. “Азыр утурумдук чоң бийликте болушуң мүмкүн, сотторду же күч органдарын каалагандай башкарышың мүмкүн, бизнести кармашың мүмкүн, шайлоодо тизме түзүшүң мүмкүн, бирок мунун баары убактылуу. Президентке чындыкты жеткирип, аны туура жолдон адаштырбай, аны жакшы жакка багыттоо — анын жанындагылардын иши. Азыр сен бардык маселени чечишиң мүмкүн, бирок канча бир жылдан кийин качып кеткен жериңден кармап келип, ордуң түрмөдө болушу мүмкүн” деп, мындан кийинки өлкөнү башкара тургандарга сабак болушу керек. Атамбаевдин убагында кайдагы бир жансакчынын кабылдамасында интеллигенция өкүлү жалдырап отурган учуруна кептелдик. Ошону коом кадыресе көрүнүш катары кабыл алып, керек болсо кайсы жерде болбосун, жакшылык-жамандыкта, мамлекеттик иш-чараларда түшүнүгү жок, билими тайкы, бирок президент менен жакшы мамиледеги жансакчылар төрдө отурган, аларды периштедей бөпөлөгөн учурларга чейин келип калдык. Ошол эле айрым депутаттар Икрамжан Илминяовго кирип чыкканына, кофе ичип 15 мүнөт отурганына төбөсү көккө жеткенче сүйүнүп, жетине албай бизге айтып берип, жакшы кабыл алганын айтып мактанып, ал тургай чала-була «жууп» да жиберген учурлар болчу. Азыр эми ошол эле депутаттар “Ак үйдүн” бурч-бурчунда «Илмиянов ушуну көрмөк» деп табалап отурушат. Карапайым эл болобу, депутат болобу, айтор өкмөт мүчөлөрүнө, премьер-министрлерге чейин Илмияновдун кабылдамасында турушчу.

Экс-президент төрагалык кылган Кыргызстан социал-демократтар партиясы Илмиянов былтыр президенттик шайлоо аяктагандан кийин саясаттан чарчаганын жүйө кылып, партиялык иштен алыстап кеткен деп кабарлады. Ошондой эле анын “шоу менен кармалганы биз үчүн түшүнүксүз болуп жатат» деп маалымат таратты.

Ал эми партия төрагасы Алмазбек Атамбаев өзү мурдагы жардамчысынын кармалышы боюнча үн каткан жок, ал 22-октябрда Москвага “жеке жана партиялык” деп аталган иштер боюнча учуп кетти.

Ал Орусияга жеңесинин тажиясына жана Москвада өтчү Азия, Африка жана Латын Америка өлкөлөрүндөгү саясий партиялардын эл аралык жыйынына катышты. Форумдагы баяндамасында, коопсуздук, терроризм коркунучу, партиялык ишмердүүлүк, эл аралык саясат тууралуу сүйлөп, “Кыргызстан дүйнөлүк саясатта өз алдынча жана жооптуу чечими кабыл ала аларын көрсөттү” деди. Кыргыз коомчулугунда болсо, Атамбаевдин Илмиянов кармалгандан кийин чет өлкөгө кеткенине байланыштуу “Ал кайра кайтып келеби?” деген суроо дароо көтөрүлдү.

— Алмазбек Атамбаев 28-октябрда бардык жыйындарга катышкан соң Бишкекке кайтып келет. “Келет, келбейт” деген кайсы бир талкууга эч негиз жок. Бул жөн гана кыйкырыктар. Анткени Алмазбек Атамбаев “эч качан Кыргызстандан кетпейм” деп айтып келген. Кетүүгө эч кандай себеби да, негизи да жок, — деди Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева.

28-октябрда Атамбаев Кыргызстанга учуп келгени белгилүү болду.

КСДП лидерине «чабуул»

Атамбаев Москвада жүргөн кезде Кыргызстанда ал жетектеген партияны алсыратуу же бөлүүгө багытталган буга чейинки аракеттер уланды. 2010-жылы КСДПдан депутаттыкка шайланып, президент Атамбаевдин тушунда “Кыргызалтын” ишканасынын орун басары, Чүй облусунун губернатору болгон Сагынбек Абдрахманов Ысык-Көлдө жана Таласта “Атамбаевсиз КСДП” деген ураан алдында жыйындарды өткөрдү. Анын айтымында, мындай жыйындар жалпысынан — Ысык-Көл, Нарын, Чүй жана Талас дубандарында өттү. Бул жумада аларды КСДПнын парламенттеги лидери, фракция башчысы Иса Өмүркулов кабыл алды.

КСДП партиясында, анын парламенттеги фракциясында ажырым күчөгөнү көптөн бери эле айтылып келатат. Фракция депутаты Төрөбай Зулпукаров партияда өз ара тиреш бар экенин «Азаттыкка» билдирип, муну партия ичиндеги демократия менен түшүндүрдү:

— Партия менен фракциянын ортосунда ажырым жок. Партиянын ичинде чындыгында тиреш бар. Өзүңүздөр билесиздер, КСДП — чыныгы демократиялык партия.

Зулпукаров: КСДПнын ичинде тиреш бар

Коррупцияга каршы күрөш жана саясат

Экс-президент Алмазбек Атамбаев жана азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы ажырым быйыл жыл башында ачыкка чыккан. Андан бери Атамбаевдин Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов сыяктуу бир канча кызматташ, жакын адамдары кармалды. Бул тизмеге эми Илмиянов кошулду.

Коомдук ишмер, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаровдун Илмиянов камалышын мындайча комментарийледи:

Азимбек Бекназаров. Азимбек Бекназаров.

— Мурда, Бакиевдин, Акаевдердин тушунда үй-бүлөлүк башкаруу болсо, Атамбаев жеке өзү көзөмөлдөдү. Бирок “аялын, балдарын аралаштырды” деген сөз чыкпасын деп алардан да жакшы көргөн Илмияновдор менен башкарды да. Ошол эле Илмиянов шайлоодо Сооронбай Жээнбековго жардам берген, бир командада, бир партияда болгон. Бирок бийлик-байлык бөлүшө албай калышты. Азыр эми бийлик «коррупция менен күрөшүп жатам» дейт, Атамбаев болсо «мени сатпагандарга куугунтук башталды» деп жатат. Эки тарапта тең чындыктын үлүшү бар. Азыр эми бийликте жүргөндөрдүн теңине иш козголуп, калган жарымына козголбой жаткандай болуп жатат. Бул жерде тандалма саясат жүрүп жатат. Бирок коррупция менен тандалма, жасалма, коомчулукка жаман көрсөтүү жолу менен күрөшүү Атамбаевдин тушунда түптөлгөн. Азыр ошол жараян уланып жатат. Бул жакшы нерсе эмес. Аягы бир чоң саясий чырга айланып кетиши ыктымал. Илмияновго жана башкаларга каршы жасалган аракеттин аягы — Атамбаевге эле багытталган жүрүш.

Былтыркы президенттик шайлоодо талапкер болгон коомдук ишмер, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров да Кыргызстанда коррупция менен күрөш эмес, саясий атаандаштарын чалуу аракети болуп жатат деп эсептейт. Ал мындай оюн экс-президентке таандык делген “АпрельТВ” каналына берген маегинде айтты:

Адахан Мадумаров. Адахан Мадумаров.

— Катуу күрөш жүрүп жатат дей берет экенбиз. Мунун баары спектакль. Муну камаптыр, тигиге кылмыш ишин ачыптыр десе, «оо, азамат» дей берет экенбиз. А кылмышты эмнеге ачты, аны ачкандар кимдер деген суроону бербей жатабыз. Коррупция менен камалган эч ким жок. Саясий өңүттөн камалгандар толтура. Коррупцияга каршы күрөш жүргөн жок. Ал тек гана “мен сени менен эсептешем” болуп жатат.

Жаңы министрлер

Бул аптада ошондой эле премьер-министр өкмөттөгү бош турган кызмат орундарына жаңы адамдарды сунуштады. 8-октябрда 59 жашында көз жумган маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун ордуна анын орун басары, буга чейин Туризм департаментинин башчысы болуп келген Азамат Жамангулов дайындалды. Ал эми чырдан улам орун басарлары менен кошо кызматтан кеткен социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунованын ордуна мурдагы депутат Улукбек Кочкоров дайындалды.

Жаңы кадрлар сындан өттү

Журналист Хашогжинин сөөгү табыла элек

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Сауд Арабиясынын бийлигин киши колдуу болуп өлгөн журналист Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлүгү катылган жерди көргөзүүгө чакырды. Эрдоган «саудиялык агенттер журналисттин көзүн тазалагандан кийин анын сөөгүн катууга жардамдашкан “жергиликтүү адамдардын” аты-жөнүн Эр-Рияд ачыкка чыгарышы керек» деди.

— Биздин полициянын, сот органдарынын, чалгынчыларыбыздын тыкыр жүргүзгөн иштеринен окуя улам ачыкталууда. Эми биз ал өлтүрүлүптүр, бирок ал кайда деп жатабыз. Силер анын сөөгүн көргөзүшүңөр керек.

Эрдогандын айтымында, Саудиянын прокурору 28-октябрда Түркияда Стамбул шаарынын прокурору менен жолугушмакчы. Түркиянын президенти журналистти өлтүрүүгө буйрукту ким бергенин айтууну да талап кылды:

— Чыны менен күнөөкөр белгилүү, эми экинчи суроо: буйрукту ким берген? 15 кишиге Түркияга келүүгө буйрукту ким берген?

Кезинде Саудиянын бийлик өкүлдөрү менен жакын мамиледе болгон журналист Жамал Хашогги 2017-жылы АКШга чыгып кеткен. Ал Сауд Арабиясынын падышалыгын сындап, реформа керек экенин белгилеп келген. Хашогги Саудиянын Стамбулдагы консулдугуна түрк жараны Хатиже Жеңгизге үйлөнүш үчүн документтерин тууралоо максатында барган.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн алдынан күтүп турган жубайы Хатиже Женгиз күйөөсү имараттан чыкпаганын айтып, укук коргоо органдарына кайрылган. Ал жолдошу каза тапкандан кийин биринчи жолу маалымат каражаттарына маек берди:

— Ал биринчи жолу 28-сентябрда баргысы келген жок. Ал Кошмо Штаттарга кеткенден кийин анын өлкөдө калган досторунун көбүн камашкан. Менин билишимче, ал консулдукта өзү күтпөгөн нерсе болуп кетеби деген.

Алгач расмий Эр-Рияд журналист дипломатиялык өкүлчүлүктөн чыгып кеткенин билдирген болчу. Бирок Хашогги чыны менен эле консулдукта өлтүрүлгөнүн Сауд Арабиясы 20-октябрда гана мойнуна алды.

Эл аралык коомчулук өлкөнү дээрлик башкарып жаткан мураскер ханзаада Мухамед бин Салманды «Хашогжинин саудиялык коопсуздук кызматкерлери катары сөз болгон адамдар тарабынан өлтүрүшү тууралуу билген» деп сындап келатат. Айрымдар ал түгүл «падышалыкты сындап жүргөн журналисттин көзүн тазалоого ханзаада өзү буйрук берген болушу ыктымал» деп шектенишет. Ханзаада журналист консулдукта өлтүрүлгөнүн моюнга алган.

Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Адел ал-Жубейр америкалык “Фокс-Ньюс” каналы менен болгон маегинде журналисттин өлүмүн өзүм билемдикке жол берген адамдардын кылганы катары мүнөздөдү:

— Мураскер ханзаада муну четке кагат. Анын маалыматы болгон эмес. Керек болсо атайын кызматыбыздын жетекчилери да билишкен эмес. Бул өзүм билемдик менен жүргүзүлгөн операция болгон. Бул операцияда айрым адамдар өз бийлигинен жана жоопкерчилигинен аша чабышкан. Алар Жамал Хашоггини өлтүрүп ката кетиришкен жана аны жаап-жашырууга аракет кылышкан.

Бул окуя боюнча саудиялык 18 киши кармалганы белгилүү болду. Бирок расмий Эр-Рияд журналисттин сөөгү кайда экенин ачык айта элек.

БУУнун өкүлү Агнес Калламард кандай болгон күндө да мамлекет жоопкерчиликтен качып кете албай турганын эскертти:

— Мамлекет аткаруучулар кайда токтойбуз, эмнеден башатйбыз деп жогору тургандардан сурайбы, сурабайбы алардын иш-аракетинен жүз буруп кете албайт. Алар иштерин мамлекеттин өкүлдөрү катары жасашкан. Мамлекет өз милдетинен четтеп кете албайт.

Кошмо Штаттар оппозициячыл журналист Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлтүрүлүшүнө байланыштуу Сауд Арабиясына “Магнитский мыйзамына” ылайык санкция киргизүүнү караштырып жатканын АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео шейшембидеги маалымат жыйынында билдирген. Анын сөзүнө караганда, АКШ биринчи кезекте Сауд Арабиясынын 21 жаранына берилген визаларды жокко чыгарууга ниеттенүүдө.

— Биз бери дегенде кээ бир жоопкер адамдарды чалгын кызматтарынан, падышалык соттон, Тышкы иштер министрлигинен, Саудиянын башка министрликтеринен аныктадык. Биз алар Хашогжи мырзанын өлүмүнө тиешеси бар деп шектенип турабыз. Биз зарыл чараларды көрөбүз, анын ичинде визалар жокко чыгарылат. Финансы министрлиги менен бул адамдарга каршы глобалдык Магнитский санкцияларын колдонуу боюнча иштей баштадык. Санкциялар АКШнын акыркы сөзү болбойт. Биз күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча кошумча чараларды да караштыруудабыз. Ачык айталы, АКШ журналист Хашогжинин үнү кыянатчылык менен басылгандай аёосуз аракеттер менен келише албайт.

Ал арада маркумдун улуу баласы АКШга барды. Анын алдында Саудия аны өлкөдөн чыгарбоого салган тыюуну алып салган. Кош жарандыгы бар Салах бин Жамал Хашогжи ханзаада Мухамед бин Салман менен кол алышып жатканы тартылган сүрөттөр аптанын башында тараган.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу